БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кечээ Түркиянын Анталья шаарында кыргызстандык кызды сойкулукка мажбурлап жана мыкаачылык менен сабады деген киши боюнча кезектеги сот отуруму болгондугун теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Эске салсак, 2016-жылдын декабрь айында Анталья — Коркутели унаа жолунда катуу сабалып, эсин жоготкон кыз табылган. Кийин ал кыргызстандык экени белгилүү болгон.
Иликтөө маалында белгилүү болгондой, кызды 49 жаштагы түркиялык адам сатып алган. Ал эми кыз интимдик байланышка баруудан баш тартканда мыкаачылык менен сабап туруп, жолго ыргытып кеткен. Аны жолдон бараткандар таап, ооруканага алып барышкан.
Кийин кыздын абалы турукташканы менен денесинин оң жагы кыймылдабай калган. Кыргызстандык кыздын жактоочулары зомбулук көрсөткөн адамга жогорку деңгээлдеги жаза берүүнү талап кылып жатышат.
Соттун акыркы чечими 7-сентябрда чыгары айтылууда. Ага чейин шектелүүчү убактылуу кармоо жайына киргизилди.