Түркияда иштеген кыргызстандык кыз. Бир айдагы 120 кардар жана 5000 доллар карыз

© AFP / Olga MALTSEVAСойкулук кызмат көрсөткөн айым. Архив
Сойкулук кызмат көрсөткөн айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКдагы маалыматтар боюнча өткөн жылы Түркияда Кыргызстандын 20 жараны сексуалдык кулчулуктан бошотулган. Аталган өлкөдө биздин дагы канча кыз сексуалдык кызмат көрсөтүүгө тартылганы туурасында так маалымат жок.

Айдана Түркияга курбусу менен кеткен. Өзүн камсыздап, батир жана унаа үчүн акча чогултуп, андан сырткары, ата-энесине да көмөктөшүүнү каалаган. Бишкекте анчалык акча табуу ага мүмкүн эместей сезилген. Курбусунун Анталияда иштеп, жакшы маяна тапкан эжеси кыздарды жумушка орноштурууну убада кылат.

"Учуп барганыбызда ал эже өзү официант болуп иштеген клубга ишке орноштуруп, милдеттерибизди түшүндүрдү. Бирок бул жалгыз ишибиз эмес эле. Клубдун эс алуучуларын кымбат ичимдиктерди ичүүгө көндүрчүбүз. Түшкөн пайдадан жакшы да пайыз алчубуз. Эгер меймандар катнаш кааласа, ага өзүнчө акы алып кызмат көрсөтүлчү", — деди ал кыз.

Кийинчерээк Айдананы клубдагы иштен кетип, мейманканага сойкулук менен шугулданууга чакырып, көп төлөөнү убада кылышкан.

Манас аэропортунун учуп келүү залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дубайда сойкулукка мажбурланды делген кыз Кыргызстанга келди
"Бир жумадан кийин мени зордукташты. Иш бергендер 50 доллар ыргыта мени менен эсептешкенин айтышты. Милицияга арыз жазуунун да кажети жок эле. Чындыгында, алар мени сатып алышты да, кандай кааласа, ошондой мамиле кылышмак. Качып кетким келди. Бирок жаңы кожоюндар Кыргызстандан туугандарымды таап, аларга баарын айтышарын ишарат кылышты. Анан боюма бүтүп калды, бойдон алдырдым", — деп эскерет.

Айдана шантаж жана коркутуулардан улам ишти улантууга аргасыз болгон. Туугандары анын кандай жол менен акча табарын билип калат деп абдан корккон. Ата-энесине кооз сүрөттөрүн, акча жиберип турган, ал эми алар кызы менен сыймыктанышчу.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Руслан Молдакуновдун айтымында, Түркияга секс багытында иштеген кыздар буга кайыл болуп келишет.

"Полиция кызматкерлери сексуалдык кулчулукка кабылганын кыздар рейд маалында гана түрмөгө түшпөш үчүн айтышат. Буга мажбурлаган адамдардын үстүнөн арыз жазуудан баш тартышат. Бул шек жаратат", — деп бөлүшөт Молдакунов.

Түркияда сойкулук мыйзамдаштырылган. Ага ылайык, бул мамлекет чегинде сойкулук менен шугулданууну каалаган ар бир аял катталып, саламаттыгы тууралуу маалыматтар камтылган жеке картасын алууга тийиш. Бирок көпчүлүгү акча табуунун мындай ыкмасын мамлекеттен жашырат.

Укмуштай сунуш

Бишкектеги наркологиялык ооруканадагы бейтап. - Sputnik Кыргызстан
Жакындарым менин өлүмүмдү күтүп жатышат! Наркологиялык ооруканадан репортаж
"Чет өлкөгө жумушка кыздар чакырылат, айлык маянасы 4 миң долларга чейин. Кореяга жумуш". Мындай шектүү кулактандыруу белгилүү сайттардын бирине жарыяланган. Баса, талаптары абдан жөнөкөй: жагымдуу жүз, чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү. Жогорку маяна менен бирге дагы купуялуулук, эркин иш сааты жана бир тарапка билет өңдүү кошумча жеңилдиктери да бар. Жарыядагы номер аркылуу байланышканыбызда өзүн Айдар деп тааныштырган жигит жооп берди. Жетекчилигине көрсөтүш үчүн тулку-бой сүрөт сурады. Акырында жолугуп, бардык кызыктырган суроолорду талкуулай турган болдук.

Бишкектин чордонундагы киши көп кирген кафеден жолуктук. Айдар – орто бойлуу, кадимкидей эле жигит. Аксап басат, кекечтенет, сыртынан бул чөйрөнүн кызматкерлерине түк окшошпойт.

Жаш жигит Кореяга маянанын төмөн, ал эми виза алуу көйгөйүнүн көп болушунан улам кыздарды жөнөтпөй калганын түшүндүрдү. Азыр кыздарды Түркияга жөнөтүп жатканын, ар бир кызга 7 миң сомдон аларын, ошондуктан мени жөнөтүүгө өзү да кызыкдар экендигин жашырган жок.

"Саатына 100 доллар, эгер адаттан тыш катнаш кааласа, 50-100 долларга жогорулатууга болот. Бир күндө бирден алты кардарга чейин тейлөөгө мүмкүн. Жумасына бир ирет дем алыш", — деди Айдар.

Мен анын "чын жүрөктөн" айткан сөзүнө ишенишим керек экен. Ошондой эле анын айтымында, жумуш берүүчүнүн "чыгымдарын" да төлөп берүүгө тийиш экенмин. Бул 5 миң доллардын же 350 миң сомдун тегерегинде болот. Адатта кыздар бир айда бул акчаны актап беришет, башкача айтканда, 120дан ашуун кардарды кабыл алат…

Түркияда сексуалдык кулчулуктан канча кыргызстандык кыз куткарылды?

Расмий маалыматтар боюнча Түркияда мыйзамдуу түрдө үч миңден ашуун сойку иштеген 56 мындай жай бар, ал эми бейрасмий саны – мындан он эсеге көп.

Снайперлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Снайпер, сойку, стриптизер — "жашыруун" иштеген кыргызстандыктар
Түрк маалымат каражаттары жарыялагандай, 2016-жылы сексуалдык кулчулуктан 20дан ашуун кыргызстандык кыз куткарылган. Канча кыргызстандык кыз Түркияда сойкулук менен шугулданары туурасында так маалымат жок.

Каарманыбыз Айдана бойдон алдыргандан жарым жылдан соң, эми таптакыр эне боло албастыгын билген. Ушундан кийин аны коркутуулар да, шантаж да чочута алган эмес…

Эгер Түркияда кулчулукка кабылсаңыз, же ага күбө болсоңуз, Кыргызстандын аталган өлкөдөгү консулдугуна +90 212 235 6767, же уюлдук телефондон мобилдик эсебиңизде каражат болбогон күндө да чалына турган 157 кыска номуру боюнча билдире аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0