БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында чыккан өрттөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктардын жок экенин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.
Буга чейин өрттөн жети киши каза болгондугун, анын бардыгы Өзбекстандын жарандары экендигин айтылган.
Мурдараак Колпино аймагындагы өрт боюнча маалымат саат 3:30 да түшкөндүгүн жазылган. Анда тротуарга төшөй турган каражаттарды чыгарган узуну 15, ал эми туурасы 40 метр кампа сымал жай өрттөнгөндүгүн айтылган.
Жалын 4.56да өчүрүлгөн. Кырсыкты ооздуктоого ӨКМдин 33 кызматкери тартылган. Маалымат булагынын айтымында, жалын 600 чарчы чакырым жерди каптаган.