БИШКЕК, 13-июл.— Sputnik. Россиядагы Кыргызстандын элчилиги Санкт-Петербургда чыккан өрттө кыргызстандыктардын бар-жогун текшерип жатат. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
РИА Новости өрттөн жети киши каза болгондугун, анын бардыгы Өзбекстандын жарандары экендигин жазды.
"Биздин кызматкерибиз алардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун текшерип жатат", — деп айтышты дипөкүлчүлүктөн.
РИА Новости ӨКМдин шаардык бөлүмүнө таянып, Колпино аймагындагы өрт боюнча маалымат саат 3:30 да түшкөндүгүн жазды. Анда тротуарга төшөй турган каражаттарды чыгарган узуну 15, ал эми туурасы 40 метр кампа сымал жай өрттөнгөндүгүн айтылган.
Алдын ала айтылган кабарга караганда, өрт электр зымдарынын бири-бирине тийишип, андан чыккан учкунан улам болгон.
Ал эми анын так себептери өрт боюнча техникалык экспертизанын жыйынтыгынан кийин маалым болмокчу.