БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргыздардын маданияты арабдардыкынан да байыркы болушу мүмкүндүгүн Алмазбек Атамбаев бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатканда билдирди.
Ал ошондой эле ислам дини менен арабдардын маданиятын алмаштырбоону баса белгиледи.
Атамбаев Алтай цивилизациясы форумунун алкагында Ысык-Көлдө көчмөн цивилизациясынын музейи ачыларын, ал жерде кыргыз деген сөздөн башталган элдин байыркы картасынын көчүрмөсү да коюларын кошумчалады.
Ал эми картанын түп нускасы Мамлекеттик музейде сакталып турат.