БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн тийиштүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
9-июлга карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик талапкерликке 18 киши документтерин тапшырган. Алар: Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекеева, Таалат Масадыков, Өмүрбек Бабанов, Рита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Мукар Чолпонбаев, Темир Сариев, Сагынбек Абдрахманов, Турсунбек Акун жана Бакыт Төрөбаев.
Өлкө башчылыкка талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин уланат. Ал эми президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.