БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын унааларын автоматташтырып жууган жай ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, эми ишкана кызматкерлери 10-15 унааны бир күндө жууп жетише алат.
"Учурда ишканада штаттык режимде көчө шыпыргыч, жүк ташуучу жана шаар жашылдандыргыч болуп 500дөн ашык жумушчу иштеп, 50гө чукул атайын техника бар", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, ишкананын бир топ бөлүмдөрүндө да оңдоп-түзөө иштери уланууда.