БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районунда Чоң Чүй каналына (ЧЧК) агып бара жаткан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон киши 60 жашта болгон.
Мындан сырткары, куткаруучулар 1-июль күнү Сары-Жон айылындагы ЧЧКга агып кеткен беш жашар бөбөктүн сөөгүн табышкан.
Ал эми Алайда малын карап жүргөн 58 жаштагы киши Көк-Суу суусуна ат менен өтүп бара жатып, агып кеткен. Малчыны табуу иштерине атайын адистер тартылып, издөө иштери улантылууда.