https://sputnik.kg/20170619/akyrky-kundoru-suuga-chokkondor-1033903404.html
Бир суткада Оштон эки, Чүйдөн бир адам сууга чөгүп кетти
Бир суткада Оштон эки, Чүйдөн бир адам сууга чөгүп кетти
Sputnik Кыргызстан
Дем алыш күндөрү Ош облусунан эки, Чүй облусунан бир адам сууга чөгүп, алардын сөөктөрүн ӨКМдин куткаруучулары алып чыгышты. 19.06.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-06-19T11:17+0600
2017-06-19T11:17+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103370/56/1033705644_0:99:1079:710_1920x0_80_0_0_3641f1806abf9c710ccd982f5e44aac3.jpg
ош
чүй облусу
кара-кулжа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103370/56/1033705644_0:65:1079:744_1920x0_80_0_0_c2b41c018a76a30f970282d59939e0bc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, кыргызстан, жаңылыктар, ош, чүй облусу, кара-кулжа, өкм
окуялар, кыргызстан, жаңылыктар, ош, чүй облусу, кара-кулжа, өкм
Бир суткада Оштон эки, Чүйдөн бир адам сууга чөгүп кетти
11:17 19.06.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Дем алыш күндөрү Ош облусунан эки, Чүй облусунан бир адам сууга чөгүп, алардын сөөктөрүн ӨКМдин куткаруучулары алып чыгышты.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл аймагында атчан бараткан 20 жаштагы бала сууга кулап, чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык маркум мал кайтарып жүргөн маалда болгон. Куткаруучулар суудан малчынын сөөгүн таап чыгышты.
Ошондой эле ушул күндөрү Чүй облусунун 29 жаштагы тургуну Ала-Арча суу сактачыгына чөгүп, Ош шаарынын тургуну Яккалик каналына агып кеткен.
Яккалик каналындагы агып бара жаткан сөөктү жергиликтүү тургун көрүп калып, "112" кызматына кабарлаган. Куткаруучулар эки сөөктү тең туугандарына тапшырып беришти.