БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Борбор калаанын жаңы конуштары менен бир канча көчөлөрү эки күн жарыксыз калат. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Электр кубаты 10-12 июлда берилбейт.
- "Жал" кичирайону;
- "Ынтымак" жаңы конушу;
- "Арча-Бешик" жаңы конушу
- Жумушчулар шаарчасы.
Андан сырткары Гагарин, Табалдиев, Некрасов, Ахунбаев көчөлөрүндө, Политехтин, БГУнун жана эски аэропорттун аймагында да өчүрүлөт.
Мэрия бул чектөөлөр оңдоп-түзөө иштеринен улам болуп жаткандыгын кошумчалады.