БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө мотоциклчен киши эркек адамды коюп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИБдин нөөмөт бөлүгү кабарлады.
Кырсык бүгүн саат 21.00дөр чамасында катталган. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Ал эми жабырлануучу тууралуу кабар Тез жардамга 21.17де түшкөн. Кырсыктаган кишинин аман экени айтылып, абалы тууралуу эч маалымат жок.