БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына Мукар Чолпонбаевден президенттикке талапкер болом деген арыз түштү. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.
Чолпонбаев президенттикке талапкерлигин өзү көрсөттү. Ал "Мукар жана профи" коллегиясында адвокат болуп эмгектенет.
Белгилей кетсек, ушуну менен талапкерлердин саны 17ге жетти.
Шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өткөрүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин созулат.