БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Ленин районунда жаңы бышкан жашылча-жемиштердин жарманкеси башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Андан жаңы бышкан жашылча-жемиштердин түрлөрүн арзан баада алса болот.
Шаардыктар жана калаа коноктору жаңы бышкан жашылча-жемиштерди төмөнкү даректерден ала алышат:
№1 жергиликтүү аймактык башкарма:
- Дэн Сяопин проспектисинен Алыкулов, Абакан (түштүк тарабы) көчөлөрүнө чейин;
- Алыкулов менен Астрахань көчөлөрүнүн кесилиши (кичи базар);
- Дэн Сяопин проспектисинде жайгашкан "Боорукер" кичи базары (шлагбаум);
- Кулиев көчөсүнөн Москва көчөсүнүн темир жол чийинине чейин;
№2 жергиликтүү аймактык башкарма:
- Гагарин жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилиши ("Жумушчу" кичи базарынын жанында);
- Гагарин — Тимур Фрунзе (түндүк батыш тарабы);
- Гагарин — Фергана (түндүк тарабы);
- Гагарин — Репин (түндүк тарабы);
- Айни — Муромск (түндүк тарабы);
- Лев Толстой — Термечиков ("Пишпек" базарынын жанында);
- Бакаев — Айни (түндүк тарабы);
№3 жергиликтүү аймактык башкарма;
- Ашар — Өмүракунов (түндүк-чыгыш тарабы);
- Ашар — Ахунбаев (түштүк-батыш тарабы);
- Ай-Бике — Ала-Тоо (түндүк-батыш тарабы);
- Тагай-Бий – Ак-Болпон (түштүк-чыгыш тарабы).
№4 жергиликтүү аймактык башкаруу. Көчөлөр:
- Тыналиев — Жайыл Баатыр;
- Тыналиев — Абдрахманов;
- Шералиев — Жайыл Баатыр;
- Чортеков — Жайыл Баатыр;
- Чортеков — Күйүков;
- Муромская — Чортеков;
- Садырбаев — Миң-Куш.
№5 жергиликтүү аймактык башкаруу. Көчөлөр:
- "Жал" кичи району 29 (Масалиев —Тыналиев, Масалиев —Курчатов, Ахунбаев — Безымянная);
- Айни — Севастополь;
- Бакаев — Айни;
- Бакаев — Алтымышев;
- Токтогул — Уметалиев;
- Гагарин — Севастополь;
- "Чоң-Арык" жергиликтүү аймактык башкаруу;
- Садырбаев — Северный;
- Кожобергенов — Северная (№ 200, 202-үйдүн жанында);
Мэрия кошумчалап кеткендей Ленин районунун аймагында жайгашкан бардык жарманкелер санитардык нормаларга жооп берип, сатуучулар соода ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тийиштүү уруксат алышкан. Ошондой эле сапаттуу продукцияларды сатышмакчы.