БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бейшемби күнү тоолуу райондордо жаан жаап, калган аймактарда күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй менен Талас өрөөнүндө күн 32…38 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 32…37 градус, Ысык-Көл менен Нарын облусунда 26…31 градуска чейин жылыйт.
Ош жана Бишкек шаарларында аптаптуу ысык болуп, күндүн табы 37 градуска дейре көтөрүлөт.