БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Чүй, Талас облустары менен Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө электр энергиясын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-июлда Чүй облусунун Гроздь, Көк-Жар, Арашан, Ленинский, Новопакровка, Военно-Антоновка, Сокулук, Новопавловка, Жаңы-Жер, Саз, Биринчи Май, Орок, Новониколаевка, Чүй айылдары менен Кара-Балта шаарынын жана Талас облусунун Жайылган айылдарынын айрым бөлүктөрүндө жарык өчөт.
Андан сырткары, оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын Көк-Жар, Красный строитель, Кара-Жыгач жаңы конуштарында жана Жумушчулар, Куруучулар шаарчасында, Көлбаев, Чолпон-Ата, Луганский, Шота Руставели, Түлөбердиев, Ужгород, Челябинский, Күрөңкөев, Кулиев, Малышева, Лев Толстой, Строительный, Островский, Алтымышев, Красный, Кажы-Сай, Правда, Шопоков, Үсөнбаев, Линейный көчөлөрүнүн кээ бир жерлеринде 09.00дөн 18.00гө чейин электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт.