БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий борборуна бомба коюлду деген маалымат түшүп, саперлор иштеп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан Ысык-Көл облустук маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгисиз бирөөлөр таңкы саат алтыларда аталган жайга бомба коюлгандыгын билдиргенден кийин, райондук милициянын кызматкерлери тез арада "Рух Ордого" чыгып кеткен.
"Бомба болжол менен "Рух Ордого" кире бериште жайгашкан "Зодиак" деп аталган ресторанга коюлгандыгын айтышты. Аймак курчоого алынып, УКМКнын кызматкерлери карап, учурда кинологдор менен саперлер иштеп жатат", — деп айтышты маалымат кызматынан.
Милиция бомба тууралуу айткан кишини издеп жатат.