БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылынан эки унаа бетме-бет сүзүшкөндүгү тууралуу журналист Азият Жекшеев социалдык тармактарда күбөнүн маалыматына таянып билдирди.
Жол кырсыгы 1-июл күнү болгон. BMW унаасынын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыга калып, бет маңдай келе жаткан унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен, өзү оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан учурда жол кырсыгы боюнча маалымат текшерилип жаткандыгын кошумчалашты.