Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жамалдинов: ата-энелердин маалыматын чогултпаган мугалимдерге маяна берилбей жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов күч менен ата-энелердин маалыматын чогултуу туура эмес экенин баса белгиледи.
Жамалдинов: ата-энелердин маалыматын чогултпаган мугалимдерге маяна берилбей жатат

Ата-энелердин маалыматтарын чогултпаган мугалимдерге маяна берилбей жатат. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, күч менен ата-энелердин маалыматын чогултуу туура эмес.

"Айыл жергесинде мугалимдер тарабынан ата-энелердин өздүгү жөнүндө маалыматтар чогултулууда. Бул эмне деген көрүнүш? Айрым мугалимдерге болсо маалыматтарды тапшырмайынча маянасын бербейбиз деп жатышыптыр", — деди Жамалдинов.

Депутаттардын нааразычылыгынан улам жыйынга Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева чакырылып, ал ата-энелердин маалыматы бирдиктүү система түзүү үчүн керектеле турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0