БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов КМШ мамлекеттеринин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын координатору болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аталган ассамблеянын кезектеги 9-сессиясы Чолпон-Ата шаарында өттү.
Жаш парламентарийлердин эл аралык иш-чарасына Азербайжан, Армения, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикистан жана Кыргызстандын депутаттары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, коргоо жана коопсуздук тууралуу маселелер талкууга алынды. Анын жүрүшүндө Жамангулов координатор болуп шайланган.