БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргызстанга америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү келип, инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн карайт. Бул тууралуу Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-12-июль күндөрү борбор калаага АКШнын AGCO, Baker & McKenzie, General Electric, AES жана Coca-Cola өңдүү бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү келмекчи. Алар өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн карап, бизнес өнөктөштөрдү издейт.
Ошондой эле жергиликтүү жана чет элдик ишкерлердин катышуусунда "Кыргызстан — АКШ" аталышындагы бизнес-форум уюштурулат. Анын алкагында америкалык компаниялар менен кызматташуунун шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү каралат.