БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында Subaru үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Кайгуул милициясынын эки кызматкерин кагып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук ИИБ жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев билдирди.
Кырсык шаршемби күнү рейд учурунда катталган. Кайгуулчулар жол жээгиндеги кызматтык унаасынын жанында турганда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа сүзүп кеткен.
Атантаевдин айтымында, кайгуулчулардын биринин абалы оор. Экинчиси ооруканага барган жок.
Ал эми айдоочу кырсык болгон жерден качкан эмес. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.