БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бейшемби күнү ала булут каптап турарын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Чүй менен Талас өрөөнүндө 25…30 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 27…32 градус, Ысык-Көл, Нарын облустарында 16…21 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, 32 градуска чейин ысыйт.