БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бишкекте 6-7 жаштагы жеткинчекти унаа койдуруп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу күбө билдирди.
Анын айтымына караганда, кырсык 25-июнда, саат 17.00дөр чамасында Гагарин менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
"Окуя болгон жерде Тез жардам кызматы менен милиционерлер иш алып барып жаткан. Айдоочу качып кеткен эмес", — деди күбө.
Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкармалыгы аталган факты катталганын ырастады. Маалыматка караганда, жабыркаган кыз 2010-жылы туулган. Ал түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу суракка алынган.