Жекшемби күнү борбор калаанын эски аянтында майрамдык айт намаз окулду.
Португалияда чыккан ири өрттөн 30 гектардан ашуун токой күйүп, 64 адам ажал тапты.
21-июнда Бишкектеги Жеңиш аянтында активисттер Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, шам жакты.
Кытайдын Сычуань провинциясында Маосянь аймагындагы жер көчкүдөн 24 адам каза таап, дагы 109 киши дайынсыз болууда.
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен Россиянын президенти Владимир Путин кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоо жана стратегиялык өнөктөштүктү өрчүтүү боюнча эки тараптуу документтерге кол коюшту.
Москвада "Орус радиосунун сулуусу" тандалды.
Улуу Британияда "Гластонбери" музыкалык фестивалы өттү

Москвада өткөн бүткүл россиялык "Орус радиосунун сулуусу" сынагынын катышуучулары

Борбор калаадагы Жеңиш аянтында активисттер Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, шам жакты. "1941-1945-жылдарга жагылган эстелик шам" деп аталган эскерүү иш-чарасы жыл сайын өткөрүлүп келет

Россиянын Омск облусунда "Түндүн эң кыска убагы" этнофестивалында от үстүнөн секирип жаткан киши

4/20
© Фото / Рустем Ильясов
20-июнда Кыргызстандын айрым аймактарында чагылган болду. Токмоктук фотограф Рустем Ильясов асмандагы чагылгандын бир нече ирмемдерин фотокамерага тартканга үлгүргөн

Португалиянын Педроган-Гранди (Лейрия чөлкөмүндө) муниципалитетинде чыккан өрт 64 адамдын өмүрүн алып кетти

Жекшемби күнү борбор калаанын эски аянтында айт намаз окулду. Майрамдык намазга келгендердин саны арбын болуп, элдин саны өкмөт үйүнөн Эркиндик проспектисине чейин жетти

Лондондун түндүк тарабындагы Финсбери-Парк шаарында мечиттин жанында турган кишилерди жүк ташуучу унаа тебелеп кеткен жерде мусулмандар намаз окуду. Анда бир адам өлүп, сегизи жаракат алган

Нью-Делинин (Индия) жашоочулары Бүткүл дүйнөлүк йога күнүндө. Бул иш-чара жыл сайын 21-июнда өткөрүлөт

Москвадагы мечитте миңдеген мусулмандар майрамдык намаз окушту. 30 күндүк ыйык рамазан айы Орозо айт майрамы менен аяктайт. Бул ислам дининдеги эң негизги эки майрамдын бири болуп саналат

Ирактын Мосул шаарын "Ислам мамлекети" уюмунун террорчуларынан бошотуу операциясы учурунда жарадар болгон кишини көтөрүп бара жатат. Аталган аймакты террорчулардан бошотуу операциясы 2016-жылдын октябрынан бери жүрүүдө

Кытайдын Сычуань провинциясында Маосянь аймагындагы жер көчкүдөн 24 адам каза таап, дагы 109 киши дайынсыз болууда. Ишембинин таңында Деси айылына жакын жерде жер көчүп 62 турак жайды басып калган

Карачи шаарындагы Клифтон пляжында толкун жээкке сүрүп чыгарган таштандылардын үстүндө бара жаткан наристе

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен Россиянын президенти Владимир Путин кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоо жана стратегиялык өнөктөштүктү өрчүтүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн соңунда документке кол коюшту

АКШ президентинин кызы Иванка Трамп Вашингтондогу Ак үйдүн көк чөптүү аянтында кызы менен ойноп жатат

Улуу Британиянын "Гластонбери" музыкалык фестивалында жүргөн шайыр-шатман кыздар

Санкт-Петербургдагы бүтүрүүчүлөрдүн майрамында атылган салюттардын коштоосундагы шведдик Tre Kronor жел кемеси

Газа чек арасынан алыс эмес жериндеги израилдик аскерлер менен салгылашууда рогатка менен турган палестиналык киши

Сүрөт: дарбазачы Игорь Акинфеев, Ирвинг Лосано жана Виктор Васин (Россия) Конфедерация кубогу-2017 оюнундагы Мексика менен Россия командаларынын беттешинде

Соңку маалыматтар боюнча Пакистандын чыгышында бензовоз күйүп кетип каза болгондордун саны 152 адамга жетти. Окуя жекшемби күнү Пенджаб провинциясында болгон. Бензовоз оодарылып калгандан кийин жергиликтүү тургундар андан агып жаткан күйүүчү майды куюп алууга келген. Күбөлөрдүн айтымында кээ бирлери ошол жерде тамеки чегип өрттүн тутануусуна себепчи болгон. Мындан ондогон автоунаа жана мотоциклдер күйгөн.

Россиянын президенти Владимир Путин Александровка багындагы белгисиз аскерлердин көрүстөнүнө гүлчамбар койду. Иш-чара башталаары менен катуу жамгыр жаап кирген.
