00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Юристтин көкөйүнө көк таштай тийген 7 учур

© Sputnik / Григорий СысоевПортфельчен адамдын архивидк сүрөтү
Портфельчен адамдын архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргызстандык юристтер кесиптик майрамын белгилеп жаткан кези.

Sputnik Кыргызстан агенттиги укук кызматкерлерин майрамы менен куттуктоо менен бирге алардын кыжырын келтирген учурларды тизмектеп чыкты.

Юристтерди кандай кардарлар өзүнөн чыгарып ийе жаздарын Бишкектеги юридикалык компаниялардын биринин жетекчиси айтып берди.

Свадебная пара в парке в Праге - Sputnik Кыргызстан
Фотографтын жанын кашайткан 7 учур
1. Акысыз консультация алгысы келгендер. Айрымдар телефон аркылуу же социалдык тармактардан жазып, консультация берип коюшубузду суранат. Достор, салыкчылар же социалдык фонд "Тигиге же буга акысыз жардам бериптирсиң" деп салыктын өлчөмүн азайтып койбойт. Эч бир кесипкөй юрист кайсы бир компанияга акысыз иштеп бербейт.

2. Утулуп калган албууттар. Албетте ар бир адам юристке кайрылганда, жакшылыктан үмүттөнөт. Соттук иш болуп калса, жеңип чыгууга аракет кылат. Бирок, өмүрү утулбас юрист болбойт. Биз Кудай эмеспиз, мыйзамдын жардамы менен оор кырдаалга туш болгон бирөөгө жардам берүүнү көздөгөн гана адамбыз. Ишти уттуруп ийгенден кийин албууттануунун пайдасы тийбейт.

3. Сөзгө түшүнбөгөндөр. Кээ бир адамдарга аны кызыктырган маселе боюнча ушунчалык берилип, ийне-жибине чейин түшүндүрүп берүүгө аракет кыласың. Бирок аягында ал азыр эле уккан нерселерин кайра башынан сурай баштайт. Буга чейин ага короткон убактыңды ойлогондо бармагыңды тиштеген бойдон кала бересиң.

4. Күнөөнү оодара койгондор. Айрым адамдарга өз сабатсыздыгынан улам айланадагылардын баары бир нерсеге күнөөлүү сезиле берет. Мисалы, юристтер жардам бере албагандай кылып өзү мыйзамды одоно бузат дагы, кийин соттон утулуп калганда дароо бизди күнөөлөй баштайт. Өз дарегиңе "пара алып коюптур" деп суммасына чейин айтып ийгенде жакаңды кармайсың.

Тиш доктур жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаагыңды тешип салам! Тиш доктурдун жинин кашайткан 5 учур
5. Кепилдик талап кылгандар. "Сен юристсиң, баарын билишиң керек!" дешет. Биз баарын билип, кепилдик бергидей, кызматыбыз дүкөндөн сатып алып жаткан муздаткыч же уюлдук телефон эмес! Укук, мыйзам, адам тагдыры сыяктуу нерселерди бир эле юрист чечип кое албайт.

6. Келечектен корккондор. Жашоодо мыйзам же укук жаатында ката кетирип албаш үчүн юридикалык билим алууга умтулган адамдарга таң каласың. Төрөлө элек баланы тартиптүү бол деп урушкандай эле да. Чынын айтканда мыкты юристтер дагы бири-биринен кеңеш сурашат. Анткени кайсы бир тармакты жакшы өздөштүргөн юрист башка багытта алсыз болуп калышы мүмкүн.

7. Кадыр-барк үчүн юрист болгондор. Ата-энесинин каалоосу менен юрист болгондор кыжырды келтирет. Юриспруденция деле башка кесиптер сыяктуу шыкты, берилүүнү, сүйүүнү талап кылат. Жан дүйнөң ыр жазгысы келип турса, өзүңдү-өзүң бактысыз кылып Кылмыш жаза кодексин окуп эмне кереги бар?

Жаңылыктар түрмөгү
0