26 жаштагы жигит 2000 чакырымды басып өтүү ниетинде. Улам жыгылып, анысына карабай, кайра жолго чыккан бул кишинин окуясы көптөрдү кайдыгер калтырбаса керек.
10 жыл мурда автокырсыкка кабылган Го Шаою оң колу менен бутунан ажыраган. Тагдырдын мындай буйругуна мөгдөп отуруп калбаган жигит майыптардын коляскасынан велосипедге отурган. Быйылкы жылдын июнь айында дүйнө кыдыруу ниетинде сапарга чыгып, 2000 миң чакырымды басып өтүү ниетин койгон.