"Чык эшикке!" соцтармактагылар бири-бирин көчөгө кубалай баштады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн кеңешмесинде атка минерди “чык эшикке!” деп кууп чыккан.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун “чык эшикке!” деген сөзүн күлкүгө алып ар кандай пикирлерди жазып жатышат. 

Шейшембиде күнү Жээнбеков жаратылыш кырсыктары жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүн кеңешмесинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду отчет даярдабай келгенсиң деп кууп чыккан. Атка минердин жооп берүүгө аракет жасаса да сөз бербей чыгарып салган. 

"Жарык жок, суу жок, жолдор жок, ал жакта эл кантип жашайт?! Ошон үчүн эч кимдин көчкүсү жок. Бул жерге келээрден мурда Ошко чалып, ал жакта эмне болуп жатат, качан даяр болот деп сурап койбойсуңбу. Чык эшикке!" — деп жемелеген. 

Мындан көп өтпөй эле кыргызстандыктардын көңүл чордону болгон Facebook тармагында “чык эшикке!” сөзү популярдуу боло калды. Мисалы Жанна Ким аттуу колдонуучу "Терминатор" фильминен алынган кадрды “чык эшикке!” сөзү менен монтаждап чыккан. 

Ал ортодо ар кандай сүрөттөргө да өкмөт башчынын айткан сөзү чапатала баштады. 

Жайнагүл Ашырахманова да Жээнбековго кошулуп "жарык жок, суу жок, жолдор жок, ал жакта эл кантип жашайт?! "Чык эшикке!" деп таң калган. 

Ал эми Абдумалик Максытов аттуу колдонуучу чыгып бараткан атка минердин абалдын ушул видео аркылуу чагылдырган. 

 

Ошондой эле Сүймөнкул Идирисов айылында “Чык эшикке” аттуу агасы бар экенин айткан. 

Зерикпеген интернет колдонуучулар “Эээй, чыкчее, жончее, эй койчеее” деп буга чейин айтылып келен сөздөрдүн катарына киризип фотошоп жасаган. 

Ал эми Акбалык Жумалиева премьер-министр атка минерлердин сөзүн толук укпай “мугалим-окуучу” оюнун кылып “чык эшикке!” деп кубалаганына нааазы болгон. 

Эскерте кетсек, жаздын келиши менен өлкөнүн түштүгүндө адам өмүрүн алган табигый кырсыктар бир нече ирет атталган. Май айында Чоң-Алайда улам кайталанган жер титирөөнүн кесепетинен 523 үй жарактан чыгып, 3000дей тургун чатырларга жайгаштырылган. Ал эми Өзгөндүн айылдарында жер көчүп жүздөгөн адам коопсуз жайга көчүрөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0