БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жекшембиде тоолуу аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жааса, Бишкек менен Ошто күндүн табы 35 градуска чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.
Чүй менен Талас өрөөнүндө 24…33 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 28…35 градус, Ысык-Көл менен Нарын облусунда 27…28 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында аба ырайы ачык болуп, күндүн табы 35 градуска чейин жылыйт.