БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ысык суунун берилишен улам "Бишкектеплосеть" шаардыктардык суу ысыткычтарын өчүрүүнү өтүнөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилей кетсек, 17-июндан тарта Бишкек шаарында ысык суу бериле баштады.
"Түтүктөрдүн иштен чыгуусун жана ар кыл маселелерди алдын алуу максатында батирлерге коюлган "аристондорду" өчүрүүнү өтүнөбүз", — деп жазылат маалыматта.
Авария болгон учурда жарандар (0312) 61-11-69, 56-88-06 телефондоруна кайрылса болот.