БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы дүйнө биринчилигинде ат салышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, 21-августтан 26-августка чейин Парижде күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага алдын ала маалымат боюнча Кыргызстандын атынан 18 балбан катышат.
Биринчиликте күч сынаша турган спортчулардын арасында Арсен Эралиев, Каныбек Жолчубеков, Руслан Царев, Калы Сулайманов жана Мурат Рамоновдор бар.
Учурда өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча курама команда машыгууларын өткөрүүдө.