БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Атайын рейд учурунда мас абалында машина айдап жүргөн Кайгуул милициясынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Бишкектен 11-июнда ИИМ менен Кайгуул милициясынын өздүк коопсуздук кызматы Кулатов көчөсүндө бараткан Mercedes үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон. Аны Чүй ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспектору айдап бараткан.
Текшерүү учурунда айдоочу машинаны мас болуп айдап баратканы аныкталган. Аталган факты боюнча административдик мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, автоунаа айып короого токтотулган. Мыйзамдын одоно бузулуусу боюнча ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы териштирүү иштерин баштады.
Андан сырткары, 13-июнда Ош шаарынан Nissan Almera үлгүсүндөгү автоунааны токтоткондо, аны Ош боюнча Патрулдук милициясынын рулда отурган кенже инспекторунун мас экени аныкталган.
Учурда аталган фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.