БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы үйлөрдүн биринде эки жашар кыз короодо ойноп жүрүп, ажатканага түшүп кетип каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Каргаша 14-июнда саат 10:50лөр чамасында болгон.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар кыздын сөөгүн чыгарып, ата-энесине өткөрүп беришкен.