БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Алматыда жаш келиндин тестиер баланы аёосуз сабаганы видеокамерага түшүп, социалдык тармакта кызуу талкууну жаратканын Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.
Видеодо аял баланы жыгылганына карабай, ур-токмокко алганы даана көрүнүп турат.
Роликтин алдында Дмитрий Ветер Пасько аттуу пайдалануучу топ талашкан кошуна балдар уруша кеткенин, аял уулуна болушуп берки тестиерди таяктаганын жазган.
Ал эми келинге "жардам берген" баланын чырга эч кандай тиешеси жок экени, ал эмне себептен кийлигишип жатканы түшүнүксүз экени айтылды. Дмитрий Паськонун айтымында, окуя 6-июнь күнү болуп, сабалган баланын энеси Ауэзов райондук милицияга арыз менен кайрылган.