Өкмөт: ата-энелерден ыктыярдуу төлөм талап кылган директорлор жумуштан алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи взятки в образовательных учреждениях
Случаи взятки в образовательных учреждениях - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл 11-классты — 61,7 миң, 9-классты — 93,1 миң окуучу, ал эми мектепке чейинки 480 сааттык даярдоо программасын 138 миң бала аяктайт.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Ата-энелерден түшчү ыктыярдуу төлөмдөргө тыюу салынарын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын сөзүнө таянып, өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Министрдин айтымында, бул боюнча жакынкы 2-3 күндө мэрия менен биргеликте иштелген буйрук чыгат.

"Буйрукту аткарбаган мектеп директорлору жоопко тартылып, ээлеген кызматынан да бошотулушу мүмкүн", — деген Кудайбердиева.

Маалыматка караганда, былтыркы окуу жылында  2 336 мектептен республика боюнча  1,17 миллиондон ашык окуучу билим алды.

Быйыл 11-классты — 61,7 миң, 9-классты — 93,1 миң окуучу, ал эми мектепке чейинки 480 сааттык даярдоо программасын 5-7 жаштагы 138 миң бала аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0