БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада республикалык IV театр фестивалынын ачылыш аземи болуп өттү.

Бүгүн борбор калаада республикалык IV театр фестивалынын ачылыш аземи болуп өттү

Иш-чара "Ала-Тоо" аянтындагы шаңдуу жүрүш менен башталды

Фестивалдын программасы Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Кыргызстандын гимнинин автору Жалил Садыковдун 85 жылдыгына арналган

Спектаклдерге кирүү акысыз болот.
Бүгүн борбор калаада республикалык IV театр фестивалынын ачылыш аземи болуп өттү
Иш-чара "Ала-Тоо" аянтындагы шаңдуу жүрүш менен башталды
Фестивалдын программасы Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Кыргызстандын гимнинин автору Жалил Садыковдун 85 жылдыгына арналган
Спектаклдерге кирүү акысыз болот.
Иш-чара "Ала-Тоо" аянтындагы шаңдуу жүрүш менен башталды.
Фестивалдын программасы Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Кыргызстандын гимнинин автору Жалил Садыковдун 85 жылдыгына арналган. Спектаклдерге кирүү акысыз болот.
13-июнь. Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры
- Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын "Айкөл Манас" спектакли. Башталышы саат 10.00
- Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук кыргыз музыкалык драма театрынын "Күкүрт болгон күндөлүк" спектакли. Башталышы саат 10.00
- Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры. "Актриса" спектакли. Башталышы саат 17.30
14-июнь. Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры
- Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын "Үкөй" спектакли. Башталышы саат 10.00
- Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад облустук драма театрынын "Каркыранын канаты" спектакли. Башталышы саат 14.00
- Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук аакадемиялык драма театрынын "Бакбергендин балпайган бактысы" спектакли. Башталышы саат 17.00
15-июнь. Чыңгыз Айтматов атындагы орус улуттук драма театры
- Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын "Бөрү зындан" спектакли. Башталышы саат 10.00
15-июнь. Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры
- Республикалык IV театр фестивалынын жабылуу салтанаты. Башталышы саат 17.00.
