БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкек — Токмок унаа жолунда болгон кырсыктан жети киши жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук кайгуул милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жабыркагандардын ичинен экөө — балдар.
"Жекшемби күнү саат 22:30да 19 жаштагы айдоочу BMW унаасын башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен. Анын кесепетинен Honda унаасы менен кагылышкан", — деп жазылат маалыматта.
Кырсыкка кабылгандар ооруканага жаткырылып, тергөө амалдары башталды.