00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тез татымда иштегендердин кыжырланткан 5 учур. "Түкүрүп салыш заматта"

© Sputnik / Табылды КадырбековГамбургер даярдап жаткан тез татым кызматкеринин архивдик сүрөтү
Гамбургер даярдап жаткан тез татым кызматкеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ирет Бишкек шаарындагы тез татым кызматында иштегендердин кыжырын кайнаткан учурларды билип көрдүк.

Эгерде сиз тез татымдан көп жеген кардар болсоңуз төмөнкү макаланы окуп, көпчүлүк кетирген каталарды билип алыңыз.

Фастфудда иштеген жигит жумушунда кайсыл жагдайлар жанын кашайтаарын айтып берди.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл

— Силердин бургериңер мышыктын этиненби же иттикиби?

— Эт кечээ күнкү болсо керек, ээ?

— Бул этти жеген адам ууланып калат го?

Ленфильм. За кадром - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги театр актрисасы: жинимди кашайткан 6 көрүнүш
Оо, кудай… Оозуңду, толтуруп туруп, "ооба, ошондой!" деп гана жооп бергиң келет. Бирок сабыр кыласың. Ушул сыяктуу эски тамашалар көңүлгө көк таштай эле тийди. Бул тармакта иштегениме бир жылдан ашты. Жаңы тамаша ойлоп табышса болот эле! Эгерде тез татымда күмөнүңөр болсо эмнеге сатып аласыңар?

Негизи бизди ай сайын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл текшерип турат.

Оройлор

Тез татымда иштегендер баарына күнөлүү. Күн чыкпаса, жамгыр төксө, унаа кырсыктаса да биз күнөлүү. Жада калса айлыгын албай калса да айып бизде.

Кары, жашы дебей ачуусун бизден чыгарышат. Эт түгөнүп, шаурма жебей калып ал үчүн мени соттотом дегендер болгон. Тооба, бизде эмне айып! Эгерде ой бузулса, бургерге түкүрүп коюш бир секунд! Аны сиз көрмөк турсун, байкабай каласыз… Бир гана — Кудайдан коркосуң, да…

Кичи пейилдик

Кандай гана болбосун кардарларга кичи пейил болушуң керек. Башыңдан ылдый кофе куюп жиберип,  жер жебериңе жетип, сөксө да күлүп гана туруп бересиң. Эгерде эле жооп кайтарчу болсоң, ушундай бир тил агытылат дейсиз,  эми аны сиз укпай эле коюңуз…

Мас кардарлар

Курттаган эт, сасыган жер — Бишкектеги тез татым жайларында тамактар кантип жасалат - Sputnik Кыргызстан
Курттаган эт, сасыган жер — Бишкектеги тез татым жайларында тамактар кантип жасалат
Биздин тез татым күнү-түнү, 24 саат бою иштегендиктен, бутуна тура албай, мас болгондор келет. Ооба, алардын үйлөсөң кулап түшчүдөй болуп турган абалы күлкүңдү гана келтирет дечи. Бирок буйрутма берээрге келгенде гамбургер менен шаурманы тандай албай, теңселип жарым саат турганда жарылып гана кетейин дейсиң. Кайран гана менин нервим!

Сөгүнгөндөр

Бизге коомдун ар кыл тармагындагы адамдар келет.  Арасында байы, кедейи, интеллигенти жана көчө таптаганы бар. Көпчүлүк учурдан алардын ичинен шалпып сүйлөп, "энеңди" менен оозанып туулгансып,  сөгүнгөндөрү жанды кашайтат. Жанында эркек турабы, аял турабы, жашпы, карыбы баары бир.  Айылдагы жеңелер, апалар укса, "Туттугуп өл, өлүканаңды гана" дейт эле…

Жаңылыктар түрмөгү
0