БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстандык Сусанна Егорян Ливандагы эл аралык сулуулук сынагында өлкө намысын коргойт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына борбор калаадагы моделдик агенттиктердин биринин директору Таттыбубу Самидин кызы билдирди.
Маалыматка ылайык, "World Next Top Model 2017" аталышындагы сулуулук сынагы 14-июлдан 5-августка чейин Ливандын борбору Бейрут шаарында өтөт. Иш-чарага Кыргызстандын атынан "Мисс Кыргызстан – 2017" улуттук сулуулук сынагында "Мисс подиум Кыргызстан" наамын жеңген Сусанна Егорян катышат.
Егорян 17 жашта, ал борбор калаадагы №8 мектепти быйыл аяктайт.
Сынакты жеңген сулууга беш миң доллар ыйгарылып, таажы кийгизилет. Аталган сынакка 42 өлкөнүн өкүлдөрү катышат.
Эске сала кетсек, өткөн айдын соңунда дагы Ливанда кыргызстандык сулуу байгелүү кайткан. Анда модель жана актриса Алина Пирматова эл аралык Miss Asia World — 2017 сулуулук сынагында "Дүйнөнүн жаш сулуусу" (Miss Teen World) наамын алган.