ӨКМ кайрадан шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-тоо аянтындагы кол чатырчан кыз. Архив
Ала-тоо аянтындагы кол чатырчан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу жерлерде сел жүрүү коркунучу күч болору айтылды.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 10-июндан 15-июнга чейин аба температурасынын жогорулап кетишинен жана нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкө аймагындагы суулардын деңгээли көтөрүлөт. Мындан улам жээктер жуулуп, жакын жайгашкан аймактарды суу капташы мүмкүн.

Ал эми тоолуу жерлерде сел жүрүү коркунучу күч болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0