Раев: Москвага алгач келгенде көчө шыпыргыч болуп иштегем
Оператор россиялык кесиптештери менен Кыргызстанда тасма туртууну максат кылууда. Бул тууралуу Эмил Раев өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Учурда ТНТ каналындагы жаштар сериалдарынын жаңы сезондорун тартып жатабыз. Буюрса жакынкы келечекте Кыргызстанда дагы тасмаларды тартууга салым кошом деп ишенем. Бул боюнча кесиптештерим менен дагы сүйлөшүп калам", — деди Раев.
Өзүнүн айтымында, ал Россияга барган алгачкы жылдары кара жумуштарда иштеген.
Ошондой эле азыркы иштеп жаткан жерине дагы пол жуугуч иретинде кирип, кийинчерээк чыгармачыл топко аралашкан.