Өзгө жердин өнөр дүйнөсүн багынткан кыргызстандыктар

© Фото / Александр БлинскийОператор телеканала ТНТ из Кыргызстана Эмил Раев
Оператор телеканала ТНТ из Кыргызстана Эмил Раев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таланттуу адам бардык жагынан гана эмес, бардык жерде дагы таланттуу болот окшобойбу. Бүгүнкү каармандарыбыз өз өлкөсүнөн эмес, өзгө жерден өнөрү менен баар тапкандар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Россияда кино, теле жана шоу дүйнөсүндө өз ордун тапкан кыргызстандыктарды тизмектеп чыкты.

Сардар Исмаилов 

© Фото / Юрий БоярченкоМосквадагы бир топ кече, концерт, фестиваль, тойлордун көркүн ачкан Руслан Айматов жана актер Дмитрий Харатьян
Пианист, ведущий и конферансье Сардар Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы бир топ кече, концерт, фестиваль, тойлордун көркүн ачкан Руслан Айматов жана актер Дмитрий Харатьян

Москвадагы бир топ кече, концерт, фестиваль, тойлордун көркүн ачкан Руслан Айматов аттуу алып баруучу бар. Улуту кыргыз экенине карабай, аны "Лукойл", "Макдональдс", "Credit swiss" сыяктуу ири компаниялар өз иш-чараларын алып барып берүүгө чакырышат. Баса, анын өз аты — Сардар Исмаилов. Алып баруучулук ишмердүүлүгүн жаңы баштаган жылдары Сардар аттуу террорчу чыгып, бул ысым элдин кыжырын келтиргендиктен, каймана ат алууга туура келген. Исмаиловдун кесиби музыкант, Москвага дагы музыкалык билим алуу үчүн барган. 2014-жылы "Ренессанс арт" коомдук фондун уюштуруп, ал аркылуу Кыргызстанга Россиянын классикалык музыкасынын жылдыздарын алып келип жүрөт. Исмаиловдун чакыруусу менен Бишкекте Алексей Набиулин, Николай Саченко, Дмитрий Харатьян сыяктуу атактуулардын чыгармачыл сапарлары уюштурулган.

Жаннат Керимбаев 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кухня", "Отель Элеон" сериалдарынын сценаристи Жаннат Керимбаев. Youtube сайтынын "Отель Элеон" каналынан тартылган кадр
Известный юморист, кавээнщик и сценарист KG Club Жаннат Керимбаев. Снимок с видеохостинга Youtube канала Отель Элеон - Sputnik Кыргызстан
"Кухня", "Отель Элеон" сериалдарынын сценаристи Жаннат Керимбаев. Youtube сайтынын "Отель Элеон" каналынан тартылган кадр

"Кухня", "Отель Элеон" сериалдарынын сценаристи Жаннат Керимбаев айтылуу Асанкалый Керимбаевдин уулу. Башында КВНге аралашып жүрүп, кийин азыркы "Азия Микс" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров жана дагы бир КВНчи Василий Куценко үчөө Россиянын телеканалдарында эмгектенишкен. Алар СТС каналындагы "6 кадров", "Даешь молодежь" берүүлөрүн даярдашчу. Андан соң "Кухня" сериалынын сценарийин жазып жүрүп, кыргызстандык Айнуранын образынын пайда болушуна себепкер болгон. Учурда ал сериалдын уландысы болгон "Отель Элеон" тасмасында өзү дагы образ жарата баштады.

Жаңыл Асанбекова 

© Фото / предоставлено Жаныл АсанбековойАктриса Жаңыл Асанбекова
Уроженка Кыргызстана Жаныл Асанбекова, сыгравшая роль в популярном телесериале Кухня - Sputnik Кыргызстан
Актриса Жаңыл Асанбекова

"Кухня" сериалынан кийин чыгармачылык доору башталган Жаңыл Асанбекова бүгүнкү күндө бир катар орус тасмаларында роль жаратып, актрисалык карьерасынын үзүрүн көрүп жаткан учур.

Ал жакында эле француз режиссеру Гийом Проценконун "Разбуди меня" тасмасына тартылып, фильм Бишкекте көрсөтүлдү. Актриса Советтер Союзу учурунда Москвага театралдык окуу жайдан билим алуу үчүн барып, ал жактан жолдошу менен табышкан. Ошондон бери чыгармачылыкка жакын жүргөнү менен кино тармагына "Кухня" сериалынан тарта кадам таштады.

Василий Куценко 

© SputnikКВНчи жана сценарист Василий Куценко
Сценарист сериала Кухня Василий Куценко - Sputnik Кыргызстан
КВНчи жана сценарист Василий Куценко

КВНчи жана сценарист Василий Куценко алгач өлкөнүн КВН боюнча курама командасында ойночу. Ал эми азыр белгилүү "Кухня" сериалынын жаратуучуларынын бири. Мындан тышкары, бир нече көркөм тасмаларга сценарий жазып жүрөт. Анын "Последний богатырь" деп аталган эмгеги боюнча Disney компаниясы менен бирге тасма тартылган. Россиядагы эмгек жолун, жогоруда айтылгандай, СТС каналындагы "6 кадров", "Даешь молодежь" берүүлөрүнө сценарий жазуу менен башталган.

Азиз Бейшеналиев 

© Фото / Илья НазаренкоАктер Азиз Бейшеналиев
Актер Азиз Бейшеналиев  - Sputnik Кыргызстан
Актер Азиз Бейшеналиев

Айтылуу актер Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз атасынын жолун жолдогон. Анын аты Кыргызстанда, Өзбекстанда, Россияда жана Казакстанда өзгөчө таанымал. Анткен менен ушул тапта Россиянын кино тармагында өз ордун таап, "Лектор", "Дом на Озерной", "Дворик", "Судьба на выбор", "Снайперы: Любовь под прицелом" сыяктуу тасмаларга тартылган. Актер 2015-жылы өзүн режиссер катары сынап көрүү максатында Москвадан Алматы шаарына көчүп кеткен. Учурда Сейтек аттуу уулун тарбиялап жаткан кези.

Елена Полякова 

© Фото / предоставлено Еленой ПоляковойБишкектик Елена Полякова жана белгилүү алып баруучу Андрей Малахов
Журналистка из Кыргызстана, работающая у Андрея Малахова Елена Полякова  - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик Елена Полякова жана белгилүү алып баруучу Андрей Малахов

Бишкектик Елена Полякова учурда россиялык белгилүү алып баруучу Андрей Малахов менен иштешет. КРСУнун журналистика факультетин бүтүргөн Полякова жергиликтүү телеканалда жаңылыктарды алып барчу. Ал эми Москвага билим алуу максатында төрт жыл мурда барып, Малаховдун онлайн-журналына кабарчы болуп орношкон. Азыркы күндө Россиянын бир топ жылдыздарынан маек алып, журналисттик кесибин улантып жаткан кези.

Эмил Раев 

© Фото / Александр БлинскийОператор Эмил Раев жана "Универ" сериалынын актрисасы Анна Кузина
Оператор телеканала ТНТ из Кыргызстана Эмил Раев - Sputnik Кыргызстан
Оператор Эмил Раев жана "Универ" сериалынын актрисасы Анна Кузина

Москвада көчө шыпырып, пол жууп, эмгек жолун баштаган Эмил Раев учурда ТНТ телеканалынан көпчүлүк күтүп көргөн "Интерны", "Универ", "Саша Таня", "Бородач" жана "ХБ шоу" сериалдарын тарткан топтун оператору болуп иштейт. Орто мектепти аяктаары менен Россияга барган Эмил бир топ жыл кара жумуштарда иштеп жүргөн. Азыркы эмгектенген ТНТ телеканалына дагы пол жуугуч катары жумушка орношкон. Өзүнүн айтымында, ал азыр телеканалда ири суммадагы маяна алган операторлордун катарына кирет.

Светлана Назаренко жана "Город 312" тобу 

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүү"Город 312" тобу
Премия Муз-ТВ-2014. Эволюция - Sputnik Кыргызстан
"Город 312" тобу

Ырчы Светлана Назаренко чыгармачылык жолун туулуп өскөн Кыргызстанда баштаган. Ал кийин Россияга барып, 2001-жылы бишкектик музыканттардан турган "Город 312" тобу негизделген. Аталган топ орус коомчулугунда тез эле өз ордун таап, саналуу жылдар ичинде музыка дүйнөсүндөгү эң кадыр-барктуу "Золотой граммофон", "Новые песни о главном" сыяктуу сыйлыктарга ээ болгон. "Город 312" тобунун мүчөлөрү өздөрүнүн кыргызстандык экенин байма-бай жар салып, Бишкекке да тез-тезден каттап турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0