БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Эртең, 5-июнь күнү республиканын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөй турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Бишкекте күндүн табы 25…27 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында 26…28 градус ысык болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күн 23…28 градуска чейин жылый турганы божомолдонуп жатат. Ысык-Көлдө 14…19, ал эми Нарында 16…21 градус жылуу болот.