АКШда Мэрилин Монро көз жумган үй 7,25 млн. долларга сатылды

© AP Photo / MATTY ZIMMERMANАмерикалык актриса Мэрилин Монронун архивдик сүрөтү
Америкалык актриса Мэрилин Монронун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актрисанын үйүн сатып алган киши башында сунушталган суммадан 350 миң долларга көп төлөгөн.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Америкалык актриса Мэрилин Монронун үйү 7,25 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Los Angeles Business Journal басылмасына таянуу менен билдирди. 

Маалыматка ылайык, 1929-жылы курулган актрисанын үйү Лос-Анжелестин Брентвуд аймагында орун алган. Бул үйдө Монро өзүнүн акыркы күндөрүн өткөрүп, 1962-жылы каза болгон.

Актрисанын үйүн сатып алган киши башында сунушталган суммадан 350 миң долларга көп төлөгөн.

Мэрилин Монро 1926-жылы 1-июнда төрөлүп, 1962-жылы 5-августта каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0