Кечеде кичине балдар мода көрсөтүп, кара жорго жана вальс бийлешти. Келген көрүүчүлөрдүн да саны абдан көп болду. Алардын катарында атактуулардан Алия Шагиева, Ассоль Молдокматова, Айя Садырова, спортчу Айсулуу Тыныбекова келип балдарга колдоо көрсөтүп кетишти.
Уюштуруучулар "Сантерра" фонду бул иш-чарага бир айдай даярдык көрүлгөнүн билдирди.

Сүрөтчү Алия Шагиева күйөөсү жана бөбөгү менен. Ал тарткан сүрөттөрүн сатып андан түшкөн каражатты Даун илдети менен жабыркаган балдардын ата-энелери уюштурган "Сантерра" фондусуна берет.

Ассоль Модокматова жана Айя Садырова күн балдарынын мода көргөзмөсүндө

Даун синдрому менен жабыркаган балдардын коомго аралашуусу өтө маанилүү. Алар бала бакчада, мектепте, үйдө өзү курактуу балдар менен сүйлөшүүлөрү керек. Антпесе баланын сүйлөп кетүү жөндөмдүүлүгү төмөндөп кетет

Статистика боюнча жаңы төрөлгөн 700 баланын ичинен бирөө Даун синдрому менен төрөлөт

Бул иш-чара Даун синдрому оору эмес экенин коомчулукка көрсөтүү максатында уюштурулган

Бул кичинекей шоу Даун синдрому менен жабыркаган балдар жөн жерден күн балдары деп аталып калбаганын көрсөттү

Кечеде балдар бий өнөрлөрүн тартуулашты

Вальс жана Кара жорго бийлерин уюштуруучулар менен ата-энелер бир ай даярдашкан

Даун синдрому менен жабыркаган балдар сезимтал келип, башка адамдын абалын аңдап биле алат

Жыл сайын 21-мартта Даун синдрому бар балдардын Бүткүл дүйнөлүк күнү өтөт. Алгачкы жолу 2006-жылы белгиленген

Даун синдромдуу балдар чыгармачылыкка жакын келишет