БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. 4-6-июнда аба температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, бул күндөрү тоолуу аймактарга кар жаайт. Ошондой эле суу көтөрүлүп, жайылма тилкелерди каптоосу ыктымал. Ал эми тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
7-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
8-9 –июнда туруксуз аба ырайы сакталат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонуп жатат. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.