БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй менен Таласта 25…30 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 28…33 градус, Ысык-Көл менен Нарын облутарында 20…25 градус жылуу болот.
Бишкек менен Ош шаарларында болсо жамгыр жаап, 30-32 градус жылуу болот.