БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандын аймагынан кайыр сурап жүргөн 33 чет элдик жаран чыгарыла турганын ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Аларды борбор калаанын көчөлөрүнөн кайыр сурап жүргөн жеринен укук коргоо кызматкерлери кармаган. Сүрөткө тартып, манжа издери алынгандан кийин материалдар сот органдарына жиберилген.
Райондук соттор чет элдик кайырчыларды Кыргызстандын аймагынан чыгаруу боюнча өкүм чыгарышкан.
Милиция аталган багытта иш уланарын белгиледи.