Бишкекте беш миң доллардан арзан унаа калбайт. Эмне үчүн?

Жазылуу
Эгер көптөн бери машина алууга акча топтоп жүргөн болсоңуз, бул кабар көңүлүңүздү чөгөрүшү мүмкүн. Автоунаалар кымбаттайт. Мунун себебин Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Асел Минбаева тактады.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бир жыл мурун эле кыргызстандыктар унаасын кантип сатам деп баш оорутуп келишсе, бүгүн сатып алуу татаалдашып барат. Серепчилердин эсебинде, бир жыл ичинде унаа баасы беш пайыздан отуз пайызга чейин өсүп, дурусураак унаа сатып алуу кыйындады.

Унаа алып-сатуучу Тимур Сайметдинов иши көбөйгөнүн айтат.

"Негизинен анча кымбат эмес, орто абалдагы автомобилдердин наркы жогорулады. Мыкты машина издеп убара болбой деле калдык, баары бир бул көп убакытты талап кылат. Кардарлар да базарда болгонун алууга дилгир", — деди ишкер.

"РИОМ" унаа базарынын аткаруучу директору Айбек Баратовдун ою боюнча да машина сатып алуу татаалдашып баратат.

Honda Fit, 2003-жылы чыгарылган
Honda Fit, 2003-жылы чыгарылган - Sputnik Кыргызстан
1/6
Honda Fit, 2003-жылы чыгарылган
Subaru Forester, 2004-жылы чыгарылган
Subaru Forester, 2004-жылы чыгарылган - Sputnik Кыргызстан
2/6
Subaru Forester, 2004-жылы чыгарылган
Mercedes-Benz, 2001-жылы чыгарылган
Mercedes-Benz, 2001-жылы чыгарылган - Sputnik Кыргызстан
3/6
Mercedes-Benz, 2001-жылы чыгарылган
Toyota Camry, 2006-жылы чыгарылган
Toyota Camry, 2006-жылы чыгарылган - Sputnik Кыргызстан
4/6
Toyota Camry, 2006-жылы чыгарылган
Toyota Prado, 2003-жылы чыгарылган
Toyota Prado, 2003-жылы чыгарылган - Sputnik Кыргызстан
5/6
Toyota Prado, 2003-жылы чыгарылган
Mercedes-Benz G 500, 2009-жылы чыгарылган
Mercedes-Benz G 500, 2009-жылы чыгарылган - Sputnik Кыргызстан
6/6
Mercedes-Benz G 500, 2009-жылы чыгарылган
1/6
Honda Fit, 2003-жылы чыгарылган
2/6
Subaru Forester, 2004-жылы чыгарылган
3/6
Mercedes-Benz, 2001-жылы чыгарылган
4/6
Toyota Camry, 2006-жылы чыгарылган
5/6
Toyota Prado, 2003-жылы чыгарылган
6/6
Mercedes-Benz G 500, 2009-жылы чыгарылган

"Базарга келген эл каалаган машинесин таба албай кетип жатат. Мурда сатыкта турган унаа ондоп саналса, азыр тандоосуна 1-2 гана автомобиль чыгат. Карбаластай баштадык", — деп белгиледи Баратов.

Анын айтымында, базарда орточо баадагы үлгүлөр 10-15, ал эми кеңири тараган жол тандабастардын баасы дээрлик 20 пайызга жогорулады. Бир жыл ичинде колдон колго өткөн Lexus GX унаасынын орточо баасы 16 миңден 20 миң долларга чейин кымбаттады.

Баалар эмне үчүн өсүүдө?

Кыргызстандын Базар, соода жана тейлөө ишканалар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев мындай абалга 2014-2015-жылдардагы автомобилдик дүрбөлөң себепчи экенин айтууда.

"Кыргызстан ЕАЭБге кирердин алдында көпчүлүк пайда табууну көздөгөн. Машина сатып алыш үчүн насыя алып, үйлөрүн күрөөгө коюшкан. Ишкерлер унааларды Россия жана Казакстанга сатууну пландаган. Бирок мыйзам буга жол бербестиги анык болгон соң Кыргызстанда мынча сандагы унаа керексиз экендиги түшүнүктүү болуп калды", — деди Пономарев.

Серепчинин айтымында, машинанын ашкере көптүгү жана насыя төлөө зарылдыгы автомобилдердин баасынын төмөндөшүнө алып келди. Базарда абал начарлады. 

"Элдин өлкөгө автоунаа ташып келгиси жок. Дүңүнөн алып келинген унаалар акырындап сатылды. Азыркы тапта баанын жогорулашы ошондон улам", — деген пикирди карманат экономист. 

© Sputnik / Даниил Сулайманов
Кыргызстанга сырттан алынып келген унаалар - Sputnik Кыргызстан

Сырттан унаа ташуу

Көз карандысыз серепчи Кубат Рахимов көңүлдү ЕАЭБге киргенде чет өлкөдөн унаа ташууга бажы алымдары өскөнүн, техникалык талаптар күчөтүлгөнүнө бурат.

"Учурда автомобилдерди эски схема менен ташып жаткандар чанда болсо да, жок эмес. Бажы алымдарына 5-7 миң доллар төлөө баарынын колунан келе бербейт. Бирок сырттан дагы да ташылып келип жатканын билем", — деп бөлүшөт экономист.

Серепчи Россиядан ташылып жаткан унаалардын баасы бир жыл ичинде эле жогорулап кетишин сомго карата рубль кунунун бекемделиши менен байланыштырат.

"Россиялыктар рублга сатууну улантууда. Россиялык товарларга болгон баа валюта кунундагы айырмадан улам бир жарым жыл ичинде үч пайызга өскөн", — деди Рахимов. 

Учурда машина сатып алуунун кажети барбы?

Темир тулпар сатып ала электерге жагымсыз жаңылык: серепчилер мындан ары баалардын жогорулай берерин бир ооздон айтууда. Ташылып келген унааларды бажы жол-жобосунан өткөрүү акысы ар жарым жыл сайын жогорулагандыгы үчүн деле машина баасы өсөт.

"Мындан кача албайбыз! Өз тажрыйбамдан улам экинчи колго өткөн машиналар жылына орточо 3-5 пайызга кымбаттай турганын айта алам. Бул боло турган иш", — деген пикирде Пономарев.

Кыргызстанга унаалар кайдан келет: машина импортунун тарыхы
Эски автомобилдердин наркына Кыргызстанга конвейерден түз алып келинген жаңы унаалар таасир этиши ыктымал. Серепчилер орточо баадагы унаалар рыноктон эски машиналарды сүрүп чыгарын болжолдошот.

"Банктар жана расмий таратуучулардын иши жанданды. Азыркы тапта 10-15 миң долларга жапжаңы унаа сатып алууга болот. Мында акчаны дароо төлөбөстөн, карызды бир жылга бөлүп кутулуу жолу бар", — деди "РИОМ" базарынын аткаруучу директору Баратов.

Estocada унаа борборунун маркетинг боюнча менеджери Элита Каниметованын айтымында, жаңы автомобилдердин сатылышы да жыл ичинде эки эсеге өскөн.

"Биз бааны жогорулаткан жокпуз, атүгүл, 2016-жылдын аягынан бери ишканабыз кардарларга жаңы сунуш жасаган. Автомобиль акысын пайызсыз бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүп беребиз", — деди менеджер.

© Sputnik / Даниил Сулайманов
Жыл ичинде кыргызстандыктар бул үлгүдөгү унааларды тандай баштады - Sputnik Кыргызстан
Серепчилердин баары эски машинелердин доору соңуна чыгып баратат деген пикирде. Жеке ишкер Артем Трифонов 3-5 миң доллардан төмөн баадагы унаалар акырындап таптакыр жоголорун божомолдойт.

Бишкекте токтоп турган Япониянын радиоактивдүү унаалары эмне болот? - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте токтоп турган Япониянын радиоактивдүү унаалары эмне болот?
"Биз Россия, Казакстандагыдай насыяга жаңы машина мингени калдык көрүнөт. 3-5 миң долларлык унаалар жакында калбай, жаңылары ташылып келгенче азыркы автомобилдердин абалы начарлайт. Аларды сатып алуунун кажети деле болбойт", — деп эсептейт Трифонов.

А бирок LALAFO ишканасынын талдоочусу Юрий Башкатов бизнес-класстагы унааларга талап жогоруларын белгиледи.

"Кымбат баалуу унааларга талап өсөрү айкын болуп калды. Демек, алардын баасы да көтөрүлөт. Колунда бар кыргызстандыктар мурдагыдай эле Audi, Mercedes, BMW үлгүсүндөгү унааларды тандайт", — деген бүтүмдө Башкатов. 

© Sputnik / Даниил Сулайманов
Жыл ичинде ушул үлгүдөгү унаалар кескин кымбаттады - Sputnik Кыргызстан

Абалдын артыкчылыгы эмнеде?

Айбек Баратовдун пикиринде келерки беш жылда өлкөнүн унаапаркы жаңырат.

"Автоконцерндердин расмий өкүлчүлүктөрү бизде ачыла баштады. Renault жана KIA өңдүү үлгүлөрдүн биздин рынокко жасаган кадамы абдан жигердүү", — деп баалайт Баратов.

Кубат Рахимов рыноктун жаңы баскычка өтүшү жол абалына да жакшы таасир этерине ишенет.

Тойота компаниясынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Toyota компаниясы эки жылдан кийин абада уча турган унааларды чыгарат
"Жаңы унаалар сарамжалдуу, ошону менен бирге эле жаратылышка да залалы азыраак. Башкысы – алар коопсуз. Бишкектин көчөлөрүндөгү унаалардын сексен пайызы бул жаатта кеп кылууга да арзыбайт. Техникалык кароону жоюп салышкан, ошондуктан алардын толук кандуу иштер-иштебесинен да кабарыбыз жок", — деди экономист.

Анын баамында, эски жана башаламан базардын доору бүтүп бара жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0