БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Эртең, 31-май күнү да жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн 27-29 градус жылуу болот.