БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Өткөн ишембиде Франциянын Өзбекстандагы элчилигинин өкүлү Франсис Делег Ташкенттин чет жакасындагы тоого кулап көз жумган. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.
Кырсыкка кабылган жаран кесипкөй учкуч-парапланерист болгон.
"Ал оперативдик коопсуздук кызматынын аймактык жетекчиси болгон. Ошондой эле Тажикстан менен Түркмөнстанга байланыштуу маселелерди караган", — деп элчиликтен билдиришти.
Маркумдун сөөгү азырынча Ташкентте. Учурда Өзбекстандын бийлиги менен сөөктү мекенине жеткирүү маселеси каралууда.